Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезектеги XII сессиясынын жыйыны

2023-жылдын 19-апрели № 12/7

Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын Төрт көчө участкасындагы төштүн түбүнөн айыл чарбасына жараксыз жерден суу кампасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-главасынын 73-статьясынын 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 2-главасынын 27 – беренесинин 1.4 – “Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу” жөнүндөгү бөлүмчөсүнө таянып Ылай-Талаа айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Ылай-Талаа айылынын Төрт көчө участкасындагы төштүн түбүнөн айыл чарбасына жараксыз жерден суу кампасын куруу үчүн 0,03 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

 

2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовко тапшырылсын.

 

3. Бөлүнүп берилген жер тилкесине мамлекеттик акт жасап берүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Кулжа райондук филиалынан суралсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.

 

Төрага

А.Кадамбаева