Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2023-жылдын 30-майы № 1
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 06.03.2023-ж. кезектеги XXVI сессиясынын №5-токтомуна ѳзгѳртүү жана толуктоо киргизүү жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» 115-беренесин жетекчиликке алып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 18.05.2023-жылдагы чыгыш № 01-19/1815-каттынын негизинде Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн такталган планы №1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн каражаттарды шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн кошумча түшкөн каражаттарды шаардын бөлөк муктаждыктарына жылдыруу (өзгөртүү) № 2-тиркемеге (бюджеттик каражаттар), № 3-тиркемеге (атайын төлөм каражаттар) ылыйык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелерине жаны штаттык бирдиги кошулган штат бирдиктердин саны № 4-тиркемеге (бюджеттик каражаттар) ылайык төлөп берүү мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
4. “Жалал-Абад шаарынын ден-соолукту чыңдоочу комплекси” муниципалдык мекемесинин өздүк киреше жана чыгашасы жалпы жергиликтүү бюджетке алынсын жана атайын эсеп счет аркылуу жүргүзүлсүн. Кызматкерлердин эмгек акысынын штат бирдигинин ырааттамасын №5-тиркемеге ылайык бекитилсин жана каржылоо жагы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн субсидиялар беренесинен эмгек акы фондуна өзгөртүлүп, жетпей калган айырмасын атайын эсепке түшкөн каражаттын эсебинен каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрилигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |