ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2023-жылдын 30-майы № 2
Жалал-Абад шаарындагы №4-мектеп гимназиясына Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн эмгек сиӊирген кызматкери А.Абдрашевдин ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 31.03.2023-жылдагы чыг.01-12/198-сандуу катты шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 24.12.2015-жылдагы VI-чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын №8-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын №4-мектеп гимназиясына Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн эмгек сиӊирген кызматкери Абдрашев Акунжан Баказовичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине макулдашууга жөнөтүү жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |