ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2023-жылдын 30-майы № 5
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 5.03.2008-жылдагы кезектеги XXXIII сессиясынын №7-токтомунун 1-пунктун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 31.03.2023-жылдагы чыг.№01-19/1178 сандуу катты шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Депутаттардын
Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 5.03.2008-жылдагы кезексиз XXXIII сессиясынын №7-токтомунун 1-пункту жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын Ш.Абдраманов көчөсүндө жайгашкан экологиялык эс алуу багын 6,2 гектар жер аянты менен кошо муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |