Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2023-жылдын 30-майы № 6
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун балансында турган “ЛЕД” экранды ижарага берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы маалымат борборунун 17.02.2023-жылдагы чыг.№6 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 04.05.2023-жылдагы кеӊейтилген жыйынында карап чыгып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун балансындагы “ЛЕД” экрандын бир күндүк ижара акысы 20,0 (жыйырма) миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун жетекчиси (Көчкөнбай у. К.) өз ишмердүүлүгүндө ушул токтом менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |