ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2023-жылдын 30-майы № 7
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 06.03.2023-жылдагы кезектеги XXVI сессиясынын №8-токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын кеңешинин 06.03.2023-жылдагы кезектеги XXVI сессиясынын №8-токтомунун №1-тиркемесине өзгөртүү толуктоо киргизилсин жана тарифи №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) жана “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына (Тыныбек у Зарыл) ушул токтом менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жоопту катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н. Орозбаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊештин кезексиз XXVIII сессиясынын №7-токтомуна №1-тиркеме |
Жалал-Абад шаарынын ичүүчү сууга жана саркынды сууга болгон (канализация) тарифтери
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлчөө бирдиги | 06.03.2023-ж. кабыл алынган тариф | Сунушталган тариф |
1 | Ичүүчү суу Анын ичинен: калкка Бюджеттик ишканалар Башка ишканалар | м 3/сом - - | 17,46 11,22 31,10 31,10 | 19,59 11,22 31,10 31,10 |
2 | Саркынды суулар (канализация) Анын ичинен: калкка Бюджеттик ишканалар Башка ишканалар | м 3/сом - - - | 10,42
7,48 17,52 17,52 | 11,13
7,48 17,52 17,52 |
Жооптуу катчы | О.Эшенкулов |