ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2023-жылдын 30-майы № 8
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 10.03.2021-жылдагы кезексиз XXXIII сессиясынын №8-токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
“Нуркелди курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун 02.05.2023-жылдагы жазган катынын жана Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 10.03.2021-жылдагы кезексиз XXXIII сессиясынын №8-токтомунун №1-пунктундагы «Ж-1» деген сөз алынып, ордуна «Ж-3» болуп өзгөртүлсүн жана жаӊы редакциясы төмөндөгүдөй болуп толукталсын: “Жалал-Абад шаарынын 93-кварталындагы Пионерский көчөсүнүн №44 дарегинде жайгашкан 6530 чарчы метр жер тилкесин П-1 (өндүрүш) укуктук зоналык категориясынан “Ж-3” (көп кабатуу турак-жай курууга) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.”
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаарындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жоопту катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н. Орозбаев |