ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2023-жылдын 30-майы № 9
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктагы мүлктү бузууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын 16.05.2023-жылдагы чыг.№01-06/155-сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын К.Кыдыров көчөсүндөгү №94 дарегинде жайгашкан 28,90 чарчы метр муниципалдык эскилиги жеткен жана авариялык абалдагы имаратын бузууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков) Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ж.Борукулов) имаратты бузуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жана имаратты бузууда коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |