Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
IХ чакырылыш кезексиз XXVIII сессия
2023-жылдын 30-майы № 11
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги кызматтык батирлерди менчиктештирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Турак-жай” Кодексинин 58-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына жана 59-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 14.03.2023-жылдагы №01-19/950 сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаттарынын сунушун эске алып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын К.Закиров көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан барак тибиндеги турак жайдын №4 муниципалдык батирин Ворожейкин Юрий Александровичтин жеке менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын К.Айтакалов көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан барак тибиндеги турак жайдын №2 муниципалдык батирин Бостонкулова Гулумкан Шамановнанын жеке менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын К.Айтакалов көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан барак тибиндеги турак жайдын №8 муниципалдык батирин Бокуев Максатбек Кадырбековичтин жеке менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Ж.Борукулов) муниципалдык батирди мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gos.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |