КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2023-жылдын 22-марты № 15/4
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Токтогул Беш-Таш авто жолуна видео байкоолорду орнотуу жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында айыл аймактагы мал уруулук боюнча маселени угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы токтом кылат:
1.Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн 2023-жылдын 24-январындагы видео байкоолорду орнотуу жөнүндөгү №34-1/273 сандуу каты эске алынсын.
2.Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Токтогул Беш-Таш авто жолуна видео байкоолорду орнотуу айыл өкмөт башчысы А.С.Алишеровго сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Р.Жумабаевага тапшырылсын.
4. Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | А.К.Жумалиева |