КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 30-майы № 16-1
Кетмен-Дөбө айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кетмен-Дөбө айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелерди угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:
1.Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык саясат экология, айлана-чөйрөнү коргоо, спорт, туризм боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл аймакта өтүлгөн фокс топтордун чечимдери эске алынсын.
2.Кетмен-Дөбө айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежелери бекитилсин.
3.Бекитилген жобонун негизинде иш алып баруу жагы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө жана “Кетмен-Дөбө таза аймак” МИсына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык саясат экология, айлана-чөйрөнү коргоо, спорт, туризм боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | А.К.Жумалиева |