Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Эл депутаттарынын Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 30-майы № 16-2

“Тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысынын мал чарбачылыгын өнүктүрүү чаралары жөнүндө сунушу боюнча Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:

 

1.Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык саясат экология, айлана-чөйрөнү коргоо, спорт, туризм боюнча туруктуу комиссиясынын жана айыл аймакта өтүлгөн фокс топтордун чечимдери эске алынсын.

 

2.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана чыгарууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси бекитилсин.

 

3.Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу камсыз кылуу жагы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Алишеровго жана “Кетмен-Дөбө таза аймак” МИсына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык саясат экология, айлана-чөйрөнү коргоо, спорт, туризм боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

5.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрайым

А.К.Жумалиева

 

БЕКИТИЛДИ

Кетмен-Дөбө айылдык кеңештин

VIII чакырылышынын кезектеги

ХVI сессиясынын

2023-жылдын 30-майындагы

№16-2 токтому менен бекитилди

 

Жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызматтардын/иштердин, функциялардын, милдеттердин тизмеси

 

№

Кызматтын/функциянын/милдеттин аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу

1.  Кызматтар

1.1.

Жеке жана юридикалык жактар үчүн тиричиликтеги катуу калдыктарын (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

1.2.

Курулуш таштандыларын чыгаруу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.  Функциялар

2.1.

Айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда катуу калдыктарды жыйноо, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттерин пландаштыруу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.2.

Юридикалык жана жеке жактар үчүн ТККнын топтоо нормасын эсептөө

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.3.

Катуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифти эсептөө

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.4.

ЖӨБдин аткаруу органынын жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултууну жана ташып чыгарууну пландаштыруу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.5.

Таштанды жайда катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.6.

ТККны ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеңилдетилген категорияларын аныктоо

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.7.

ТККны алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.8.

ТККны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгуу жана бекитүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.9.

ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүнү тандоо/дайындоо

Айыл өкмөтүнүн башчысы

2.10.

Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелери жөнүндө маалымат берүү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

3.  Милдеттенмелер

3.1.

ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып алуу

Айыл өкмөтүнүн башчысы

3.2.

Жарандардын аярлуу топторуна субсидияларды төлөө

Айыл өкмөтүнүн башчысы

 

Төрайым

А.Жумалиева