Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18 – отуруму
2023-жылдын 8-июну № 18/2
“Гүлчө –Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы Сартбаев Акимбектин 2022-жылга карата отчёттуулугу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу “Гүлчө –Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы Сартбаев Акимбектин 2022-жыл ичи аткарган иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Гүлчө – Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысы А.Сартбаевдин 2022-жылга карата аткарган иштери боюнча отчёту канаттандыраарлык эмес деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | К.Т. Исмаилов. |