ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18 – отуруму
2023-жылдын 8-июну № 18/5
Гүлчө айылынын Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын сол тарабындагы аты жок көчөгө коомдук ишмер, маданияттын мыктысы, маркум Жусупов Жалилбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 18-отуруму, Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык - драма театрынын директору А.Исаковдун кеңешке келген кайрылуусунун негизинде, Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Тешебаева Айнурдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 1- пунктарынын негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын сол тарабындагы аты жок көчөгө коомдук ишмер, маданияттын мыктысы, маркум Жусупов Жалилбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Жусупов Жалилбек Абдыкалыковичтин ысымы ыйгарылган көчөгө кеткен акча-каражаттарын каржылоо жагы демилгечи Т. Ажибаев атындагы Алай музыкалык - драма театрынын директору А.Д. Исаковго тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышы үчүн тиешелүү жумуштарды алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы С.Исаеге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин мыйзамдуулук ,укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер боюнча (Депутаттык этика жана алардын ишмердүүлүктөрү) боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | К.Т. Исмаилов. |