Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезексиз XXI сессиясы (VI чакырылышы)
2023-жылдын 21-февралы № 1
Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы кезектеги XIV сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаардык кеңешинин “Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо)” макулдук берүү жөнүндөгү 2022-жылдын 12-августундагы кезектеги XIV сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык кеңешинин “Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо)” макулдук берүү жөнүндөгү 2022-жылдын 12-августундагы кезектеги XIV сессиясынын №2 токтомунун 1-пунктундагы калктуу конушка” деген сөздүн ордуна “өндүрүштук багытка” деген сөздөр менен өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Т. Сапаев |