Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 30-майы №130/23-5
Токмок шаары, Охотничий көчөсү №2 дарегинде жайгашкан Харки Ф.К. жаранынын аянты 400,0 чарчы метр жер тилкесинин зоналдык категориясын Ж1-А зонасынан Р-4 зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 13-мартындагы №1-22/810 катынын, “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиянын протоколунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаары, Охотничий көчөсү №2 дарегинде жайгашкан Харки Ф.К. жаранынын аянты 400,0 чарчы метр жер тилкесинин зоналык категориясын Ж1-А (шаардын чет жактарындагы жеке усадьбалык турак-жай курулушунун зонасы) зонасынан Р-4 (жеке бакча чарбак зонасы) зонасына которулсун.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |