ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2023-жылдын 30-майы №131/23-5
«Интергласс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жатаканасында жайгашкан Токмок шаарынын китепкана системасынын №2 филиалын жоюуга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы №1-22/1467 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 23-майындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Интергласс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жатаканасында жайгашкан Токмок шаарынын китепкана системасынын №2 филиалын жоюуга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |