ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 21-февралы № 3/28-II
Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго кайрылуу боюнча
Туз айыл аймагынын социалдык-экономикалык планын ишке ашыруу, жакшыртуу максаттында Туз айыл аймагынын ирригациялык системасын тазалоо үчүн күйүүчү–майлоочу майларды жана цементти алуу долбоору боюнча Туз айыл өкмөтүнүн башчысы А.Шакуловдун маалыматын угуп жана талкуулап Туз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айыл аймактын №309,304,126,112,115, 32, 33,28,34 контурларында жайгашкан жана ТЧЧКдан сугат суусун алган чарбалык дыйкан жана фермердик чарбаларды азык-түлүк коопсуздугун жана сугат суу менен камсыз кылуу максатында № Р-22, Р – 22 , Р – 23 , Р – 23-1 , Р – 23-2 жалпы узундугу 27,9 км ди түзгөн суу түтүктөрү Туз айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
Туз айыл аймагынын ирригациялык системасын тазалоо үчүн күйүүчү-майлоочу майларды жана Цемент сатып алуу долбоору боюнча Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондуна арыз берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын туруктуу каржы суроолор боюнча комиссиясына жүктөлсүн .
Төрага | Б. К. Салтыкеев |