Редакцияот 21.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 21-февралы № 4/28-II

Төмөнкү-Серафимовка айылын Макеш Баатыр ысымына өзгөртүү жөнүндө

Төмөнкү-Серафимовка айылынын тургундарынын айылдашыбыз Тентишев Эркин Саткынбаевичтин эл алдындагы синирген эмгегин эске алып Байтик баатырдын шериги Макеш баатырдын урматына айылдын атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун карап чыгып, Туз айылдык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төмөнкү-Серафимовка айылы Макеш Баатыр айылы деп өзгөртүлсүн

2. Айылдын атын өзгөртүүгө байланышкан чыгымдар туугандарынын эсебинен жүргүзүлсүн

3. Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктурды каттоо башкаралыгына, Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына инвентаризациялык эсепке алуу маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү боюнча өтүнүч каты жөнөтүлсүн

4. Бул токтомдун аткарылышы жерге тиешелүү суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. К. Салтыкеев