Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022 жылдын 23-декабры № 02
Кара-Балта шаарынын аймагында 1, 2 жана 3-топтогу мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № 3 “Кара-Балта шаарынын аймагында жер мүлкүн жана мүлккө салыкты иш жүзүнө ашыруу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кара-Балта шаарынын аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып 1, 2 жана 3-топтогу мүлккө салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык бекитилсин.
3. Ушул Токтом жергеликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Токтом нормативдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Чуй – Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, Жайыл райондук мамлекеттик салык кызматына жана Кара – Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Дуйшеналиев |