ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2023-жылдын 27-январы № 11/1
Жаңы-Жол айыл аймагынын "Малкалды" муниципалдык ишканасына тиешелүү кудуктардын темир капкактарын уруксатсыз ачып кирүүгө тыюу салуу,эң төмөнкү өлчөмү 5000 (беш миң) сом болгон айып пулга жыгуу,ачып кирип ичиндеги материалдык баалуулуктарды талкалагандыгы үчүн өздүк баасын жана кеткен чыгымдарды кошкондогу айып пулдун ченемин жөнгө салуу боюнча
Күн тартибиндеги маселе боюнча "Малкалды" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нарботоедин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Жаңы-Жол айыл аймагынын "Малкалды" муниципалдык ишканасына тиешелүү кудуктардын темир капкактарын уруксатсыз ачкан жарандарга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып пул чегерилсин жана ачып кирип ичиндеги материалдык баалуулуктарга зыян келтирсе өздүк баасын жана кеткен чыгымдарды кошкондогу айып пулду төлөөгө милдеттендирилсин.
2.Айып пулдар жөнүндөгү маалыматты жарандарга жеткирүү ишкана кызматкерлерине жана айыл башчыларга жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына бекитилсин.
4. Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Бейшеналиев |