ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28 январы №13
Бакай-Ата айыл аймагынын 2021-2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун кароо жөнүндө
Ленинполь айылдык кеңешинин 2020-жылдын 28-январындагы кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл аймагынын 2021-2022-2023-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагынын 2021-2022-2023-жылдарага карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жактырылсын.
2. Долбоордогу 2021-жылга карата киреше бөлүгү 24904,8 мин сом, ал эми чыгаша бөлүгү 24904,8 мин сом деп белгиленсин.
3. Долбоордогу 2022-жылга карата киреше бөлүгү 25752,6 мин сом, ал эми чыгаша бөлүгү 25752,6 мин сом деп белгиленсин.
4. Долбоордогу 2023-жылга карата киреше бөлүгү 26643,1 мин сом, ал эми чыгаша бөлүгү 26643,1 мин сом деп белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Шадыбеков |