Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2023-жылдын 27-январы № 11/5

Келишимди бекитип берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кочкорбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:

 

1.Аксы райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Б.К.Узаков менен Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ж.Кочкорбаевдин айыл өкмөтүнүн экономист-статистинин (эмгек акысы,сапардык чыгымы,телефон кызматы) боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.

 

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Субанкуловго жүктөлсүн.

 

3.Бул токтом Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн jany-jol.jalal-abad.kg веб сайтына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К.Бейшеналиев