Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII -сессиясы

2023-жылдын 31-январы № 3

Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 30.12.2022-жылдагы №01-13/459 сандуу катын жетекчиликке алып Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Г.А.Акпаралиеванын берген маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VIII -сессиясы токтом кылат:

 

1.  Көк-Арт айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы №1 тиркемге ылайык бекитилсин.

 

2.  Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

3.  Жергиликтүү жамааттын уставын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана практикага киргизүү Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

4.  Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага:

А.А.Энназаров.