Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясы (VI чакырылышы)
2022-жылдын 27-декабры № 2
Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы кезектеги XIV сессиясынын “Эсептөө палатасынын АКТ сын кароо жөнүндөгү” №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы кезектеги XIV сессиясынын “Эсептөө палатасынын АКТ сын кароо жөнүндөгү” №5 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы кезектеги XIV сессиясынын №5 токтомуна дайынсыз дебетордук 541,197 сом акча каражатын жокко чыгарылсын деп өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Т. Сапаев