Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясы (VI чакырылышы)
2022-жылдын 27-декабры № 4
“Исфана-Таза суу” муниципалдык ишканасына кошумча эки
штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндө
Раззаков шаарына суу түтүктөрүн реаблитациялоо долбооруну ишке ашыруу максатында “Исфана-Таза суу” муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде кошумча эки штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу долбоору өз ишин аяктаганга чейин “Исфана-Таза суу” муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде кошумча 2 (эки) штаттык бирдиктери бекитилип берилсин. (Тиркеме тиркелет.)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Б.Т. Сапаев
Раззаков шаардык Кеңешинин VI
чакырылышынын кезектеги
XIX сессиясынын 2022-жылдын
27-декабрындагы №4 токтомуна тиркеме
Раззаков шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу долбоору өз ишин аяктаганга чейин “Исфана-Таза суу” муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде кошумча 2(эки) штаттык бирдирдиктердин тизмеси
№ | Штаттык бирдиктин саны | Кызмат ордун (келишим менен)
| Аткаруучу негизги милдеттери
|
1 | 1 | ОРП жетекчи | Раззаков шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу багытындагы Кыргыз Республикасы Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо Банкы менен эки тараптуу келишимдин негизиндеги долбоору өз ишин аяктаганга чейин «Исфана- Таза суу» муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде ОРП жетектөө менен жумуштарын жүргүзөт. |
2 | 1 | котормочу | Раззаков шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу багытындагы долбоору өз ишин аяктаганга чейин «Исфана- Таза суу» муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде долбоордун котормочулук милдеттин аткарат |
«Исфана-Таза суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси: А. Каримов