Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясы (VI чакырылышы)
2022-жылдын 27-декабры № 7
Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылга карата түзүлгөн иш планы жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин. (Иш план тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага Б.Т. Сапаев
Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги
XIX сессиясынын 2022-жылдын
27-декабрындагы №7 токтомуна тиркеме
Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жыл үчүн түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу жумуштун мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1. | Раззаков шаарынын 2022-жылдын Өнүгүү (СРС) программасынын аткарылышы жөнүндө | I квартал 2023-жылдын январь айы | Раззаков шаар мэриясы, депутаттык фракциялар |
2. | Раззаков шаарынын 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2023-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө | I квартал 2023-жылдын январь айы | Бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
3. | Раззаков шаарынын мэринин 2022-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету
| I квартал 2023-жылдын февраль айы | Раззаков шаар мэриясы, депутаттык фракциялар |
4. | Раззаков шаардык Кенеши тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышынын абалы жөнүндө | I квартал 2023-жылдын февраль айы | Раззаков шаар мэриясы |
5. | Раззаков жайыт комитетинин ишмердүүлүгү жана жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзуп жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуу | II квартал 2023-жылдын апрель айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
6. | Айыл чарба жана мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жана айыл чарба жерлеринин жолдорунун абалы жөнүндө маалыматын угуу. | II квартал 2023-жылдын апрель айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
7. | Раззаков шаары жана шаарга караштуу айылдарынын аймагындагы кен байлыктарынын казылышы жана жер кыртышынын сакталышы боюнча маалыматын угуу | III квартал 2023-жылдын май айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
8. | Раззаков шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин имаратынын абалы жана сакталышы боюнча маалыматын угуу | III квартал 2023-жылдын сентябрь айы | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада салт, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
9. | Раззаков шаарынын мэринин 2023-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчету | III квартал 2023-жылдын июль айы | Раззаков шаар мэриясы, депутаттык фракциялар |
10. | Раззаков шаардык Кенеши тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышынын абалы жөнүндө | III квартал 2023-жылдын июль айы | Раззаков шаар мэриясы |
11. | Раззаков шаар мэриясынын аймагындагы социалдык мекемелердин кышка карата даядыгы жөнүндө маалыматын угуу | III квартал 2023-жылдын октябрь айы | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада салт, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
12. | Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө | IV квартал 2023-жылдын декабрь айы | Раззаков шаардык Кенешинин аппараты, туруктуу комиссиялар жана депутаттык фракциялар |
13. | Раззаков шаардык Кенешинин туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө | IV квартал 2023-жылдын декабрь айы | Раззаков шаардык Кенешинин туруктуу комиссиялары |