Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2022-жылдын 26-декабры № 65
Суу-Башы айыл аймагына мүлк салыгынын түрлөрүн киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 024/22/03-6/4144 чыгыш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18- январындагы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизуу жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:
1) Турак жай имараттары жана жайлары;
2) Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлары;
3) Үйдүн жанындагы жер, короо-жай жана багбанчылык-чарбак участоктору;
4) Айыл чарба жерлери;
5) Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер;
6) Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин бюджет комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
А. Бөрүев |