Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
2022-жылдын 26-декабры № 66
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун электр энергиясынан калган карыздарды төлөө максатында 2022-жылдын 23-декабрында жазган билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү 3112 машиналар жана жабдуулар беренесинен, 2231 коммуналдык тейлөө беренесине 627 995,92 (алты жүз жыйырма жети миң тогуз жүз токсон беш сом токсон эки тыйын) акча каражатын которууга (жылдырууга) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Райимкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин бюджет комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
А. Бөрүев |