Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 18/57
Кызыл–Кыя шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Републикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамына негиз жана шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022–жылдын 26–декабрындагы протоколун, мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 01-07/72 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна негиз Кызыл-Кыя шаарынын аймагына 2023-жылдын 01-январынан баштап мүлк салыгы киргизилсин.
2. Мүлк салыгын убагында жана толугу менен топтоо жагы мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж.Калматов |