Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 31-январы № 5

Бел-Алды айыл өкмөтүнүн фондундагы чабынды жерлердин ижара акыларын көтөрүп бекитүү жөнүндө

Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жер адиси Ч.Сманбековдун чабынды жерлердин ижара акыларын көтөрүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:

 

1. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн фондундагы чабынды жерлеринин ижара акыларын көтөрүп бекитүү жөнүндөгү сунушу эске алынып төмөндөгүдөй бекитилсин.

Чалгы менен чабылган чабынды жердин акысы 1га жерге 500 сом

Техника менен чабылган чабынды жердин акысы 1га жерге 1500 сом

2.Жогорудагы бекитилген акылар менен келишим түзүп,мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер адиси Ч.Сманбековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык bel-aldy.gos.kg сайытына жарыялансын.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Ж.Шарипова