Загрузка документа…
КАРА-ЖАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жал айылдык кеӊешинин ХХIХ чакырылышынын кезексиз 14 - сессиясы
2022-жылдын 26-октябры № 21
Таштанды сорттоочу жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүү жөнүндө
Айылдык кеӊештин депутаттары 8-март участогундагы мурдагы таштанды төгүүчү жайдын ордуна жана жанына таштанды сорттоочу жай курууга жер тилкесин бөлүү тууралуу маселесин карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 2-пунктуна, 32-беренесинин 4-пунктуна таянып, Кара-Жал айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. 8-март участогундагы мурдагы таштанды төгүүчү жайдын ордунан жана жанынан таштанды сорттоочу жай курууга 4,0 га жер тилкеси бөлүнсүн.
2. Таштанды сорттоочу жай курууга бөлүнгөн жер тилкенин тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде бүтүрүү боюнча иштерди алып баруу айыл өкмөт башчы С.К.Баракановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Жумашов Р.О. |