Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Жал айылдык кеӊешинин ХХIХ чакырылышынын кезексиз 17 - сессиясы

2023-жылдын 7-февралы № 9

“ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык аймагынын “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек араларын бекитүү” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык, берилген иш-кагаздарын карап чыгып, жергиликтүү коомдук өз алдынча башкаруу органын эсептик каттоо максатында Кара-Жал айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык аймагынын «Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясы» аймактык коомдук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (ТОС) эсептик каттоого алынсын.

 

2.  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык аймагынын ТОС “Айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын” аймагынын чек аралары Кара-Жал айыл аймагынын административдик чектерине ылайык бекитилсин.

 

3.  Кара-Жал айыл өкмөтүнүн/айылдык кеңештин ыйгарым укуктуу адиси тарабынан жүргүзүлгөн ТОС органдарын каттоо журналына киргизилсин.

 

4.  Бул Токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсин.

 

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.К.Баракановго жана “финансы, бюджет, социалдык маселелер жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Асаналиевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Жумашов Р.О.