ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз I сессиясы
2023-жылдын 23-майы № 1
Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177- Токтомун жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85-Жарлыгына ылайык «Чаек», «Кызыл-Жылдыз», «Көк-Ой» айыл аймактары бириккендигин, катышкан 41 депутаттардын 21 добушуна ээ болгондугун белгилеп бириктирилген айыл аймактарынын Чаек айылдык кеңешинин төрагасы болуп Жакыпов Аман Өмүрбекович шайланды деп табылсын;
2. Бириктирилген Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Абаев Байзак Абаевич шайлангандыгы белгиленсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Жакыпов |