Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 28-октябры № 51
Акман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Акман айылындагы №51 О. Палванов орто мектебинин Актовый залын реконструкциялоо жөнүндө
Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Акман айылындагы №51 О.Палванов орто мектебинин Актовый залын реконструкциялоо жана имараттын эшик терезелерин алмаштыруу боюнча жазылган долбоору жактырылсын жана колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Жаңы-Акман айылындагы №51 О.Палванов орто мектебинин Актовый залын реконструкциялоо боюнча жазылган долбоору КРнын каржы министрлигинин алдындагы түрткү берүүчү гранттар комиссиясынын кароосуна сунуштоо райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн долбоорду каржылоо 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен каржылансын.
4. Жаңы-Акман айылындагы №51 О.Палванов орто мектебинин Актовый залын реконструкциялоо жана имараттын эшик терезелерин алмаштыруу боюнча жазылган долбоордогу 556 616(беш жүз элү алты миң алты жүз он алты) сомдук салымды айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөп берүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
5. Токтом Акман айылдык кенешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомду көзөмөлдөө Бюджет,каржы,муниципалдык, менчик инвестиция, ишкердик , кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тилекеев |