Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХ - сессиясы
2023-жылдын 20-февралы № 2
Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1-январь 2023-жылга эсептик счеттогу калдык акча каражатын бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде, бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана жүргүзүлгѳн чыгымдардын үнѳмдѳлгѳн суммаларын пайдалануу тартиби жѳнүндѳ методикалык кѳрсѳтмѳ» токтомунун долбооруна ылайык, 2023-жылдын 1-январына калган 6144,7 миң сомдук калдыкты бѳлүштүрүү жана каржылоо жѳнүндѳ финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Б.Хасимованын сунушун угуп жана талкуулап Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 09.02.2023-жылдагы №3 протоколдук чечимин жетекчиликке алып, Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына ылайык Багыш айыл өкмөтүнүн 2022-жылы мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыя берилип, келишим түзүлүп каржыланбай калган келишимдерди каржылоого жумшалсын:
1.1. Кызматтык сапар чыгымдарына - 14,4 (Он тѳрт миң тѳрт жүз ) миң сом;
1.2. Жеке ишкер Казакбай кызы Асельге кеңсе буюмдарга 28,4 (Жыйырма сегиз миң тѳрт жүз) миң сом, келишим №115 22.06.2022-жыл;
1.3. Жеке ишкер Исаков Дусмухаммадга ремонт иштерине 60,0 (Алтымыш миң ) миң сом, келишим №129 06.07.2022-жыл;
1.4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасына электрондук кызмат үчүн 3,4 (Үч миң тѳрт жүз) сом келишим №153 08.08.2022-жыл;
1.5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы окуу борборуна окуу курсу үчүн 2,0 (Эки миң) миң сом, келишим №197 28.10.2022-жыл;
1.6. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясына карта кѳчүрмѳгѳ 60,1 (Алтымыш миң бир жүз) миң сом, келишим №213 15.11.2022-жыл;
1.7. Кыргыз Улуттук электр тармактар ишканасына Кедей-арык бала бакчасына корутунду үчүн 5,6 (Беш миң алты жүз) миң сом, келишим №205 16.11.2022-жыл;
1.8. Жеке ишкер Коконова Гулнурага учурдагы оңдоого 9,9 (Тогуз миң тогуз жүз) миң сом келишим №263 28.11.2022-жыл;
1.9. Сузак райондук шаар куруу мамлекеттик архитектура боюнча ишканасына архитектуралык иш кагаздарына 12,9 (Он эки миң тогуз жүз) миң сом, келишим №226 01.12.22-жыл;
1.10. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясына изилдѳѳ долбооруна 1,4 (Бир миң тѳрт жүз) миң сом, келишим №269 28.12.2022-жыл;
1.11.“Садыр-Бий” Жоопкерчилиги чектелген коомго Сары-Булак айылына шагыл тѳшѳѳ иштерине 52,5 (Элуу эки миң беш жүз) миң сом, келишим № 266 27.12.2022-жыл;
1.12. Жалал-Абад областык санитардык эпидемиологиялык станциясына дезинфекциалоо иштерине 13,9 (Он үч миң тогуз жүз отуз эки) миң сом, келишим №120 28.06.2022-жыл;
1.13. Жеке ишкер Калилов Нурбеке Исманалиев атындагы орто мектебине труба алууга 20,0 (Жыйырма миң) миң сом, келишим №270 28.12.2022-жыл;
1.14. Ниязов Алмазбеке адвокат кызматы үчүн 10,0 (Он миң) миң сом келишим №272 30.12.2022-жыл;
1.15. Жеке ишкер Казакбай кызы Асельге кеңсе буюмдарга 5,0 (Беш миң) миң сом келиши №113 21.06.2022-жыл;
1.16. “Асема” Жоопкерчилиги чектелген коомго Тайгараев атындагы орто мектебине учурдагы оңдоого 242,1 (Эки жүз кырк эки миң бир) миң сом, келишим №251 20.12.2022-жыл;
1.17. “Садыр-Бий” Жоопкерчилиги чектелген коомго шагыл тѳшѳѳ иштерине 37,0 (Отуз жети миң ) миң сом, келишим №265 27.12.2022-жыл;
1.18. Ар түрдүү күтүлбѳгѳн чыгымдарга (архитектура, кадастр, электро тармактар ишканасына) 319,1(Үч жүз он тогуз миң бир жүз) миң сом;
2. Проектерди колдоо : 5247,0 ( Беш миң эки жүз кырк жети миң) миң сом.
(Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин дем беруучу гранты аркылуу “Токтогул сом кѳчѳсүнѳ асфальт тѳшѳѳ” долбоорунун ѳздүк салымы 1447,0 (Бир миллион тѳрт жүз кырк жети) миң сом. Спорт комплекс куруу үчүн долбоордун уруксат кагаздарын даярдоого 300,0 (Үч жүз миң) миң сом, “Касса-1000” долбоорун ѳздүк салымы 800,0(Сегиз жүз миң) миң сом, Кыргыз Республикасынын Экологиялык фонду аркылуу таштанды чыгаруучу машина алуу учун оздук салымы -1200,0 (Бир миллион эки жүз) миң сом, Сузак райондук ѳнүктүрүү фонду жана Кыргыз Республикасынын Экологиялык фонду аркылуу “Октябрь айылында жайгашкан Т.Тайгараев эс алуу паркын реконструкциялоо” долбоорун ѳздүк салымы- 1500,0 (Бир миллион беш жүз) миң сом.)
3. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген планына ѳзгѳртүү киргизүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4.Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
6.Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | Ж.Сейдахматов |