Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХ - сессиясы
2023-жылдын 20-февралы № 3
Багыш айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата атайын каражаттардан калган калдыктарды бѳлүштүрүү жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Н.Самидиновдун кайрылуусун, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагында жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ата-энелер комитетинин протоколдук чечимдеринин угуп, талкуулап жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын 09.02.2023-жылдагы №3 протоколдук чечимин жетекчиликке алып, Багыш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Багыш айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетунда 2023-жылдын 01-январына карата 843,8 миң сом калдык калган , Багыш айыл ѳкмѳтүндѳ 2022-жылда аткарылбай калган жумуштарды аткаруу максатында тѳмѳндѳгүдѳй бѳлүнсүн:
70111- Башкаруу болумуно:
1.1. Канцелярдык товар алууга | (2222) | - 2,5 миң сом |
Бардыгы: |
| - 2,5 мин сом |
70911- Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине:
2.1. Имаратты ондоо (балдар ойноочу аянтча) Күн-Нуру мектепке чейинки билим берүү мекемеси: |
(2221) |
- 305,1 миң сом; |
2.2. Разыбек мектепке чейинки билим берүү мекемесине (карусель, отургуч жасоо) |
(3111) |
- 88,0 миң сом; |
2.3. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кеңсе жана чарбалык товар алууга |
(2222) |
- 34,2 миң сом; |
2.4. Ай-Нуру мектепке чейинки билим берүү мекемесине кѳмүркана курууга |
(3111) |
- 102,1 миң сом; |
2.5 Тамак-аш азык-түлүктѳрүн алууга | (2218) | - 311,9 миң сом; |
Бардыгы: |
| - 841,3миң сом |
Бардыгы: 841,3 миң сом акча каражаты бюджеттик классификацияга ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | Ж.Сейдахматов |