Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХ - сессиясы
2023-жылдын 20-февралы № 8
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 17.02.2023-жылдагы № 01-15/129/1 кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 17.02.2023-жылдагы № 01-15/129/1 сандуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө» ПЖ №305-Жарлыгын турмушка ашырууга айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча» айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан ЖОБО № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Ж. Самидиновго жүктѳлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | Ж.Сейдахматов |