Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XХ - сессиясы
2023-жылдын 20-февралы № 11
Багыш айыл аймагынын 2017-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Багыш айылдык аймагынын ИАС-КВнын төрайымы А.Кожонова “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири маалыматын, сунуш катын угуп жана талкуулап, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” алкагында өткөрүлгөн 2-циклдын фокус-топторунун жыйынтыгы менен “Социалдык-экономикалык инфраструктураларын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрүн чыңдоо” багытында Кедей Арык айылында “Т.Тайгараев мектебинин терезелерин алмаштыруу”, көйгөйү артыкчылыктуу көйгөйлөр деп табылсын жана айыл аймагынын 2017-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоо катары киргизилсин. Тиркеме №1.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Ж. Самидиновго жүктѳлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | Ж.Сейдахматов |
Тиркеме 1. |
Багыш айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 20- февралындагы XX сессиясынын № 11 Токтому менен бекитилген |
№ | Жергиликтүү долбоордун аталышы | Күтүлүүчү натыйжалар | Ишке ашырылуучу айыл/конуш | Аткаруу мөөнөтү (план) | Бюджет (сом) | ||||
|
|
|
| Башталышы (ай, жыл) | Аякташы (ай, жыл) | Жалпы сумма | Анын ичинен: | ||
|
|
|
|
|
|
| ЖККД CASA-1000 | Жергиликтүү бюджет | Башка булактар |
1 | Т.Тайгараев мектебинин терезелерин алмаштыруу | Мектеп окуучуларынын билим деңгээлин жогорулатууга шарт түзүлөт | Кедей Арык | Апрель -2022 | Июнь-2023 | 1 420 325 | 1 420 325 |
|
|
Төрага: | Ж.Сейдахматов |