Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы
2023-жылдын 18-февралы № 13-12
Нурабад айыл аймагындагы Кайрагач-Арык айылынын З.Розахунова атындагы №6 орто мектебине кошумча 200 орундук корпус куруу жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Шамшидиновдун маалыматын жана сөзгө чыккан депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп чыгып, Нурабад айыл аймагындагы Кайрагач-Арык айылынын З.Розахунова атындагы №6 орто мектебине кошумча 200 орундук корпус куруу максатында, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Нурабад айыл аймагындагы Кайрагач-Арык айылынын З.Розахунова атындагы №6 орто мектебине кошумча 200 орундук корпус куруу максатында, Нурабад айыл өкмөтүнүн бюджетинен Ош облустук өнүктүрүү фондуна киргизүү үчүн өздүк салым кошууга акча ажыратып берүү боюнча макулдук берилсин.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн бюджетинен Ош облустук өнүктүрүү фондуна киргизүү үчүн өздүк салым катары 3000 000 (үч млн ) акча каражаты ажыратып берилсин.
3. Керектелүүчү акчаны ажыратып берүү боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткарылышыны көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |