НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 15-07
Нурабад айыл аймагынын тургундары жазган арызы жөнүндө
Нурабад айыл аймагынын тургундарынын Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы МТФнын бетон тосмосу жана башка объекттерин мыйзам чегинде айыл өкмөттүн балансына өткөрүү жөнүндөгү сунушу айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, Нурабад айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик менчикти муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндөгү 19. 08. 2005 -жыл №152 Мыйзамынын редакциясына ылайык Нурабад айыл аймагынын Какыр-Пилтан айылында жайгашкан МТФнын айлана бетон тосмосу жана башка объекттерин айыл өкмөттүн балансына өткөрүүгө айылдык кеңеш тарабынан макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып барүү Нурабад айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Нурабад айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Юсупов |