Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV cессиясы
2023-жылдын 26-апрели № 28
Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 03.08.2022-жылдагы №32т токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын түштүк-батыш тарабындагы өндүрүштүк иш каналарды куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулган №264,265-контурларындагы 25,0 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова