Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV cессиясы
2023-жылдын 26-апрели № 29
Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 03.08.2023-жылдагы №31т токтому менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылынын батыш тарабындагы социалдык обьектилерди (мектеп, балдар бакчасы, оорукана) куруу үчүн “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которулган №47,49,50,51,119,120,124,125,126, 128,129,130,132,133,144,155,156,157,158,159,160,161,164 контурларындагы 74,0 га жер, №46, 47 ,49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 76, 119, 120, 122, 124, 125,
126, 127, 128, 129, 130, 131, 132, 133, 156, 157, 158, 159, 160, 161, 164, 170,173 контурларыгдагы 60,60 га жер жана №152,154-контурларында жайгашкан 12,6 га жер, жалпы 147,20 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова