Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV cессиясы
2023-жылдын 26-апрели № 30
Жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы 145 "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, ГЭС куруу үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылынын Талаа участкасынан №1022-контурунда 2,07 га жер аянтын, №1041-контурунда жайгашкан 0,17 га таштуу жер аянтын, №1044-контурунда жайгашкан 0,51 га жер аянтын, №1040-контурунда жайгашкан 0,27 га токой аянттары(лес), №1047-контурунда жайгашкан 0,67 га токой аянттары(лес), №1026-контурунда жайгашкан 1,04 га башка жер аянты(камни), №1032-контурунда жайгашкан 1,94 га башка жер аянты(камни), №969-контурунда жайгашкан 0,20 га башка жер аянты(камни), №1039-контурунда жайгашкан 0,38 га башка жер аянты(осыпь), №972-контурунда жайгашкан 1,04 га дарыянын нугу жер аянттарын, жалпы 8,29 га жер аянтын кубаттуулугу 29 М/Вт болгон ГЭС куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова