Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV cессиясы
2023-жылдын 26-апрели № 39
Сасык ферула (чайыр) жыйноого уруксат берүүнү токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Зарадалы айылынын тургундарынын арызынын карап чыгып, Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Д.Сапаровтун билдирүүсүн эске алып, талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.КРнын Министрлер кабинетинин төрагасынын 2022-жылдын 15-июлундагы № 388 токтомунун 5-пунктуна ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында сасык ферула (чайыр) жыйноого уруксат берүү токтотулсун.
2.Аталган токтомду аткаруу жагы Кара-Бак айыл өкмөтү жана Жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында 2023-жылга чейин сасык ферула (чайыр) жыйноого жана урук себүүгө уруксат берилген ижара жерлер тууралуу ижара акы. соц пакет ж.б. толук маалымат берүү боюнча айыл өкмткө протоколдук тапшырма берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова