Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

2023-жылдын 31-марты № 364

Терек-Сай айыл аймагынын алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды уюштурууну жакшыртуу, кызматтарды алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, калкка кызматтарды кыска мөөнөттө, бир жерде алууну камсыздоо максатында Терек-Сай айыл аймагынын алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү Жобону бекитип берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы М.Көлбаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Терек-Сай айыл аймагынын алдында түзүлгөн Калкка кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү жобосу бекитилсин. (1-тиркеме).

 

2. ”Бирдиктүү терезе” принциби боюнча кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен айыл өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Келишимдин типтүү формасы бекитилсин.(2-тиркеме).

 

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевге милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин укук жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек – Сай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Тойчуев М.С.