Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2023-жылдын 9-февралы № 87
Абды Суеркулов айылдык кенешинин 2023-жылга иш планын, туруктуу комиссиялардын 2023-жылга иш пландарын бекитүү жөнүндө
Абды Суеркулов айылдык кенешинин 2023-жылга иш планын, туруктуу комиссиялардын 2023-жылга иш пландарын бекитүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеӊешинин IX чакырылышынын XXVI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айылдык кенешинин 2023-жылга иш планы, Абды Суеркулов айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, дин иштери жана жаштар саясаты боюнча, экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча, мыйзамдуулук, этика маселеси, атуулдардын арыз даттанууларын жана кайрылууларын коргоо боюнча туруктуу комиссияларынын 2023-жылга иш пландары бекитилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg веб сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | Таалайбек уулу К. |