ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 382
Балдарды коргоо жана Энелер күнүнө карата акча каражатын карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын “1-июнь- Эл аралык Балдарды коргоо” күнүнө карата өткөрүлүүчү иш чарасына жана май айынын үчүнчү жумасында белгиленүүчү “Энелер күнүнө” карата жашы 60 жаштан жогору болгон энелердин майрамына карата акча каражатын карап берүү жөнүндөгү КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын “1-июнь-Эл аралык Балдарды коргоо ” күнүнө карата өткөрүлүүчү иш чарасына 287 400 ( эки жүз сексен жети миң төрт жүз) сом жана май айынын үчүнчү жумасында белгиленүүчү “Энелер күнүнө ” карата 252 000 (эки жүз элүү эки миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |