ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 384
Өрткө каршы күрөшүү бөлүгүнүн имаратынын курулушуна акча каражатын карап берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан № 79 өрткө каршы күрөшүү бөлүгүнүн жаңы имаратынын сметалары такталып, электрондук эсептөө программасынан каралып чыккандыгына байланыштуу имараттын курулушун баштоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү № 79 Өрткө каршы күрөшүү бөлүгүнүн башчысы И.Ажакматовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан № 79 өрткө каршы күрөшүү бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулуш иштерин жүргүзүү үчүн 17 (он жети) миллион сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |