ТЕРЕК – САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 19-майы № 385
Чаткал райондук музыкалык мектебинин Терек-Сай айылындагы филиалынын тарбиялануучуларына отчеттук концертке барып келүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндө
Чаткал райондук музыкалык мектебинин Терек-Сай айылындагы филиалынын тарбиялануучуларына отчеттук концертке барып келүүгө акча каражатын карап берүү жөнүндөгү музыкалык мектептин мугалими К.Ажибекованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Чаткал райондук музыкалык мектебинин Терек-Сай айылындагы филиалынын тарбиялануучуларына отчеттук концертке барып келүүгө 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек – Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |